Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июлу № 25 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого контролдук кылуу боюнча Жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
- Ашимов Н.А.- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси;
- Асаналиев А.Т. - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Стамалиева Т.Т. - маалымат-аналитикалык бөлүмдүн башчысы;
- Абдыбекова Ж.М. - юридикалык бөлүмдүн башчысы;
- Сыдыкова Э.М. - маалымат-аналитикалык бөлүмдүн чакырылган адиси.
2. Жумушчу топ 2011-жылдын 20-июлуна чейин "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кароосуна жана бекитүү үчүн киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О выборах Президента Республики КыргызстанЗакон · 31.08.1991 · № 566 · Күчүн жоготкон