# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын жүрүшү жана өткөрүү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топту түзүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын жүрүшү жана өткөрүү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топту түзүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19655>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-703/edition/341349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19655.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын жүрүшү жана өткөрүү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топту түзүү тууралуу" токтому (14.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19655

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июлу № 24 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын жүрүшү жана өткөрүү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топту түзүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5, 6-пункттарына, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10, 23-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону натыйжалуу маалымдоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын жүрүшү жана өткөрүү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

- Бапанова Ж.Б. - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси;

- Бекбасаров Р.Б. - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

- Стамалиева Т.Т. - маалымат-аналитикалык бөлүмдүн башчысы;

- Исакунов З.К. - маалымат-аналитикалык бөлүмдүн башкы адиси.

2. Жумушчу топ 2011-жылдын 20-июулуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясында карап чыгуу жана бекитүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын жүрүшү жана өткөрүү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ тууралуу" Жобонун долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.

4. Аталган токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
