# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы №22 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы №22 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19653>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-701/edition/341345/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19653.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы №22 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (13.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19653

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июлу №22 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө" 2011-жылдын 30-июнундагы №916-V токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин гаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесинин негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12-пүнкттарын. 25-беренесинин 2,3,6,7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын алдын ала сметасы 449 439 600 (төрт жүз кырк тогуз миллион төрт жүз отуз тогуз мин, алты жүз) сом суммасында бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү бекитилген сметага ылайык финансылоону жүргүзсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Төрага

Т.Абдраимов
