# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №21 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топ тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №21 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топ тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19652>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-700/edition/364200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19652.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №21 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топ тууралуу" токтому (13.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19652

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-июлу №21 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топ тууралуу "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин l-болүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топ, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Бекбасаров Рашид Бердибаевичтен жана Кадырбеков Ишенбай Дюшенбиевичтен турган курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топ "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кароосуна киргизсин.

Төрага

Т.Абдраимов
