# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 21 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 21 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19632>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-680/edition/341304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19632.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 21 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө" токтому (21.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19632

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-апрели № 21 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодексти Кыргыз Республикасында колдонуу жөнүндө" № 130-V токтомунун негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (СДПК)" партиясынан шайлангандарынын тизмесинде № 28 Иманкожоева Эркингүл Бекбачаевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (СДПК)" катталган Иманкожоева Эркингүл Бекбачаевнага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылсын.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
