# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1963)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-авгутсундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2006
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1963/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1884/edition/285218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1963/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу, 1-статья (21.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1963/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 127-статьяда:

статьянын аталышындагы "жана балатылар" деген сөздөр ", жаш балатылар жана өзгөчө баалуу дарактар породалары" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын: "Тиричиликте пайдалануу максатында (от жагуу жана отун) өзгөчө баалуу дарактар породаларын мыйзамсыз кыюу, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтөрдүн ондон он бешке чейинки, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле иш-аракеттер администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтөрдүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга болбосо он беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтөрдүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1963/st-2)
