# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 9-мартындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 9-мартындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19625>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-673/edition/341290/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19625.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 9-мартындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (05.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19625

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-марты № 13 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына чык. № Ф-66 04.02.11-ж., депутат Ш.Мажитованын кат жүзүндөгү арыздарынын негизинде фракциянын курамынан чыгаруу жана депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" депутаттык фракциясынын чечими жана "Ш.Мажитованы "Ата Журт" депутаттык фракциясынын курамынан чыгаруу жөнүндө" "Ата Журт" депутаттык фракциясынын 2011-жылдын 4-мартындагы № 44/15 чечимин жөнөтүү жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-28-пунктчаларын, 7-беренесинин 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шарапаткан Мажитованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.Мажитованын № 020 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
