# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-февралындагы № 8 "Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-февралындагы № 8 "Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-668/edition/341280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-февралындагы № 8 "Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (18.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19620

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 18-февралы № 8 Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө БШКнын комиссиясынын "Баткен облусунун Лейлек районуна барып текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" маалымкаттын жана Баткен облустук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 12-февралындагы № 3 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибинин" 1, 2-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялар жөнүндө жобонун" 2.11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Туран" демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Ысаков Мурзабек Сулейманович курамдан чыгарылсын;

- "Акыйкат" республикалык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бабаева Уулкан Абдукаримовна республиканын чегинен тышкары кеткендигине байланыштуу комиссиянын резервинен чыгарылсын.

- "КСДП" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Нурмаматов Абибилла комиссиянын курамына резервден киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
