# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 3-февралындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 3-февралындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-661/edition/341266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 3-февралындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (03.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19613

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 3-февралы № 2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Осмонова Нурзат Курманбековнанын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесинин 3-, 28-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ата Журт" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонова Нурзат Курманбековнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонова Нурзат Курманбековнанын № 028 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
