# 9-статья. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 9-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-9

---

1. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдын чечими боюнча мамлекеттик жана башка маалыматтык - сурап билүүчү фонддордон корголуучу адам жөнүндө маалыматтарды берүүгө тыюу салынышы мүмкүн, ошондой эле анын телефон номери жана ал пайдаланган же ага таандык болгон транспорт каражаттарынын мамлекеттик катталуу белгилери өзгөртүлүшү мүмкүн.

2. Башка жазык, болбосо жарандык иш боюнча өндүрүшкө байланышкан өзгөчө учурларда корголуучу адам жөнүндө маалыматтар мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын уруксаты менен прокурордун же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү суроо талабынын негизинде алдын ала тергөө органдарына, прокуратурага же сотко берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-10)
