# 4-статья. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу принциптери

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 4-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-4

---

1. Мамлекеттик коргоо мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин урматтоо, мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдардын жана корголуучу адамдардын өз ара жоопкерчиликте болуу принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик коргоо прокурордук көзөмөл жана ведомстволук контролдоонун алдында жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашырууда "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ачык жана жашыруун ыкмалар пайдаланылат.

3. Коопсуздук чараларын колдонуу корголуучу адамдын турак-жай, эмгек, пенсия жана башка жагындагы укуктарын кысымга албоого тийиш.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-5)
