4-статья. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу принциптери
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы
1. Мамлекеттик коргоо мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин урматтоо, мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдардын жана корголуучу адамдардын өз ара жоопкерчиликте болуу принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик коргоо прокурордук көзөмөл жана ведомстволук контролдоонун алдында жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашырууда "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ачык жана жашыруун ыкмалар пайдаланылат.
3. Коопсуздук чараларын колдонуу корголуучу адамдын турак-жай, эмгек, пенсия жана башка жагындагы укуктарын кысымга албоого тийиш.
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1961/st-4" title="4-статья - Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>