# 3-статья. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458); 31.12.2019 [Закон КР от 31 декабря 2019 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав свидетелей, потерпевших и иных участников уголовного судопроизводства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112011); 10.11.2011 [Закон КР от 10 ноября 2011 года № 202 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав свидетелей, потерпевших и иных участников уголовного судопроизводства" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961#diff=1220515..1220516>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 3-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-3

---

1. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар төмөнкүлөр болуп саналышат:

1) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуучу органдар;

2) коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар;

3) социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу органдар.

2. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кылмыш, болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган сот (судья), прокурор, алгачкы текшерүү органынын башчысы же тергөөчү кабыл алат.

3. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу өздөрүнүн өндүрүшүндө турган же алардын карамагына киргизилген жазык иштери боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздуктун айрым чараларын жүзөгө ашыруу жүктөлүшү мүмкүн болгон башка мамлекеттик органдарга жүктөлөт.

4. Соттун же прокуратуранын өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары соттун (судьянын) чечими же прокуратуранын токтому боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Аскер кызматчыларынын арасындагы корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары ошондой эле тийиштүү аскердик бөлүктөрдүн командованиеси жана жогору турган командование тарабынан да жүзөгө ашырылат.

6. Тергөө изоляторлорунда кармалып турган же жазасын өтөө жерлеринде турган корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары Кыргыз Республикасынын мекемелери жана жазык-аткаруу тутумунун органдары тарабынан да жүзөгө ашырылат.

7. Социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруу калкты социалдык жактан коргоо органдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте башка органдарга жүктөлөт.

(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-4)
