# 24-статья. Корголуучу адамдардын укуктары менен милдеттери

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 24-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-24

---

1. Корголуучу адамдар төмөнкүлөргө укуктуу болушат:

1) өздөрүнүн укуктары менен милдеттерин билүүгө;

2) жекече жана мүлктүк коопсуздугун, ушул Мыйзамдын 2-статьясынын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын жекече жана мүлктүк коопсуздугун камсыз кылууну талап кылууга;

3) ушул Мыйзамда каралган учурларда социалдык жактан коргоо чараларын колдонууну талап кылууга;

4) өзүнө, ошондой эле өзүнүн жакын туугандарына, туугандарына жана жакындарына карата коопсуздук чараларынын колдонулушу жөнүндө жана мындай чаралардын мүнөзү жөнүндө билүүгө;

5) ушул Мыйзамда каралган кошумча коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды алып салуу жөнүндө арызы менен кайрылууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдардын чечимдерине жана аракеттерине карата жогорку органга, прокурорго же сотко даттанууга.

2. Корголуучу адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өздөрүнө карата колдонулган коопсуздук чараларынын шарттарын жана мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

2) өздөрүнө карата коркунуч туудурган ар бир окуя же укукка жат аракеттер жөнүндө мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдарга дароо маалымат берүүгө;

3) ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн жана коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан өздөрүнүн кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн пайдаланууга берилген мүлктү пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;

4) мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдын уруксатысыз аларга карата мамлекеттик колдоо жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-25)
