# 20-статья. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу тартиби

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 ноября 2011 года № 202 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав свидетелей, потерпевших и иных участников уголовного судопроизводства" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961#diff=1220513..1220514>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 20-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-20

---

1. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу тартиби ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

2. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган орган корголуучу адамдын курман болгондугу (өлгөндүгү) жөнүндө арызды (билдирүүнү) алып жана анын курман болушу (өлүмү) анын жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу келип чыккандыгын аныктап, курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын багуусунда турган адамдарга карата социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө 3 сутканын ичинде чечим кабыл алууга милдеттүү.

3. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу корголуучу адамдын дене боюна залал келтирилгендиги же саламаттыгына башка зыян келтирилгендиги жөнүндө арызды (билдирүүнү) алгандан кийин бул арызды (билдирүүнү) текшерүүгө жана социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө же аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө 3 сутканын ичинде чечим кабыл алууга милдеттүү.

4. Кабыл алынган чечим жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом (аныктама) чыгарылат, аткаруу үчүн ал социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу органга, ошондой эле аталган токтом (аныктама) өзүнө карата чыгарылган адамга жөнөтүлөт.

5. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө токтом (аныктама) жогору турган органга, прокурорго же сотко 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу ал берилген күндөн тартып бир айдын ичинде каралууга тийиш.

6. Социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу орган социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомду (аныктаманы) алгандан кийин аны 10 сутканын ичинде аткарууга милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-21)
