Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-статья. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу тартиби
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 ноября 2011 года № 202
1. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу тартиби ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
2. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган орган корголуучу адамдын курман болгондугу (өлгөндүгү) жөнүндө арызды (билдирүүнү) алып жана анын курман болушу (өлүмү) анын жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу келип чыккандыгын аныктап, курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын багуусунда турган адамдарга карата социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө 3 сутканын ичинде чечим кабыл алууга милдеттүү.
3. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу корголуучу адамдын дене боюна залал келтирилгендиги же саламаттыгына башка зыян келтирилгендиги жөнүндө арызды (билдирүүнү) алгандан кийин бул арызды (билдирүүнү) текшерүүгө жана социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө же аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө 3 сутканын ичинде чечим кабыл алууга милдеттүү.
4. Кабыл алынган чечим жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом (аныктама) чыгарылат, аткаруу үчүн ал социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу органга, ошондой эле аталган токтом (аныктама) өзүнө карата чыгарылган адамга жөнөтүлөт.
5. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө, болбосо аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө токтом (аныктама) жогору турган органга, прокурорго же сотко 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу ал берилген күндөн тартып бир айдын ичинде каралууга тийиш.
6. Социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу орган социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомду (аныктаманы) алгандан кийин аны 10 сутканын ичинде аткарууга милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 ноября 2011 года № 202 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав свидетелей, потерпевших и иных участников уголовного судопроизводства" "Редакцияларды салыштыруу
10.11.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартиби
1. Социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу тартиби ушул алынып салынды: Мыйзам-
да, кошулду: Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: башка мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
2. Мамлекеттик коргоону … адамдын дене боюна залал келтирилгендиги же саламаттыгына башка зыян алынып салынды: келтирил-
гендиги кошулду: келтирилгендиги жөнүндө арызды (билдирүүнү) алгандан кийин бул арызды алынып салынды: (бил-
дирүүнү) кошулду: (билдирүүнү) текшерүүгө жана социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө же аларды колдонуудан баш тартуу жөнүндө 3 сутканын ичинде алынып салынды: че-
чим кошулду: чечим кабыл алууга милдеттүү.
4. Кабыл алынган чечим жөнүндө … органга, прокурорго же сотко 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. алынып салынды: Дат-
тануу кошулду: Даттануу ал берилген күндөн тартып бир айдын ичинде каралууга тийиш.
6. Социалдык жактан коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу орган алынып салынды: социал-
дык кошулду: социалдык жактан коргоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомду (аныктаманы) алынып салынды: ал-
гандан кошулду: алгандан кийин аны 10 сутканын ичинде аткарууга милдеттүү.
кошулду: (КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1961/st-20" title="20-статья - Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>