# 2-статья. Мамлекеттик коргоого алынуучу адамдар

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2019 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав свидетелей, потерпевших и иных участников уголовного судопроизводства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112011)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961#diff=1220514..1220515>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 2-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-2

---

1. Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 4-7-главаларында каралган жазык сот өндүрүшүнүн субъектилери мамлекеттик коргоого алынууга тийиш.

2. (КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Мамлекеттик коргоо чаралары жазык иши козголгонго чейин арыз ээсине, көргөн адамга жана кылмыштан жабыр тарткан, зыянга учураган адамга, болбосо кылмыштын алдын алууга же аны ачууга көмөк көрсөткөн башка адамдарга карата да колдонулушу мүмкүн.

3. Ушул статьянын 1-2-бөлүктөрүндө белгиленген адамдарга таасир этүү максатында укукка каршы катылууга тушуккан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде көрсөтүлгөн алардын жакын туугандары, туугандары да мамлекеттик коргоого алынат.

4. Ушул статьянын 1-3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн, аларга карата белгиленген тартипте мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар мындан ары "корголуучу адамдар" деп аталышат.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-3)
