# 17-статья. Коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 ноября 2011 года № 202 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав свидетелей, потерпевших и иных участников уголовного судопроизводства" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961#diff=1220513..1220514>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 17-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-17

---

1. Жазык сот өндүрүшүнө катышканына байланыштуу корголуучу адамды өлтүрүү, ага зомбулук көрсөтүү, анын мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү жөнүндө мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралу чечим кабыл алган орган тарабынан аныкталган маалыматтардын болушу коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери болуп саналат.

2. Коопсуздук чаралары корголуучу адамдын жазуу жүзүндөгү арызынын же жазуу жүзүндө билдирилген анын макулдугунун негизинде, ал эми жашы жетпегендерге карата - анын ата энесинин же аларды алмаштырган адамдардын жазуу жүзүндөгү арызынын, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрүнүн ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн (ата-энеси же аларды алмаштырган адамдар жок болгон учурда) же алардын жазуу жүзүндө билдирилген макулдугунун негизинде колдонулат.

3. Коопсуздук чараларын колдонуу корголуучу адамдын жашы жетпеген үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аны менен чогуу жашаган башка адамдардын кызыкчылыктарын козгогон учурда коопсуздук чараларын колдонууга алардын жазуу жүзүндө билдирилген макулдугу зарыл болот.

(КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-18)
