# 152-статья. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458); 31.12.2019 [Закон КР от 31 декабря 2019 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав свидетелей, потерпевших и иных участников уголовного судопроизводства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112011)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961#diff=1220515..1220516>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 152-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-152

---

1. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жеке коопсуздукту камсыз кылуу чарасы корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуучу орган тарабынан төмөнкү адамдарга карата колдонулат:

1) корголуучу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилүүсү мүмкүн болгон же мындай коркунуч фактысы белгиленген;

2) корголуучу адамдын жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу ага кара күч, моралдык жактан таасир этүү максатында корголуучу адам менен байланыш түзүүгө аракет кылган.

2. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салынган адамга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) корголуучу адам менен жолугушууга;

2) корголуучу адамдын артынан түшүүгө жана (же) ага байкоо жүргүзүүгө;

3) корголуучу адам менен байланышка чыгууга же байланыш түзүүгө аракет кылууга;

4) корголуучу адам жашаган, турган жана иштеген жерлерге жакындоого.

3. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 152, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-151)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-16)
