# 15-статья. Камакта кармалган же жазасын өтөө жеринде турган корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 15-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-15

---

1. Камакта кармалган же жазасын өтөө жеринде турган, болбосо тартиптик аскердик бөлүктө турган корголуучу адамдын коопсуздугу ага карата ушул Мыйзамдын 6-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 3, 5, 6, 8 жана 9-пункттарында каралган же Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган башка чараларды колдонуу жолу менен камсыз кылынат.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ошондой эле төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:

1) корголуучу адамды жана зомбулук коркунучун туудурган адамды аларды кармап турууда, камакка алууда жана жазык жазаларын дайындоодо камакта кармоонун жана жазаны өтөөнүн ар башка жерлерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын башка областтарында жайгашкан жерлерге жөнөтүү;

2) корголуучу адамды же зомбулук коркунучун туудурган адамды камакта кармоонун же жазасын өтөөнүн бир жеринен экинчисине которуу;

3) корголуучу адамды жана зомбулук коркунучун туудурган адамды бөлөк-бөлөк кармоо;

4) корголуучу адамга Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында каралган тартипте бөгөт коюу чарасын же жаза чарасын өзгөртүү.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-14)  
Кийинки берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-151)
