# 14-статья. Аскер кызматчысынын коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 14-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-14

---

1. Корголуучу адам болуп эсептелген аскер кызматчысынын коопсуздугу анын аскер кызматын өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү эске алынып, ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган коопсуздук чараларын колдонуу жолу менен камсыз кылынат.

2. Ошондой эле аскер кызматчысынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:

1) корголуучу адамды башка аскер бөлүгүнө, башка аскер мекемесине которуу;

2) корголуучу адамды аскер кызматын өтөөчү жаны жерге, анын ичинде мыйзамда аскер кызматы каралган аткаруу бийлигинин башка органынын аскер бөлүгүнө же аскердик мекемесине которуу (аткаруу бийлик органдарынын тийиштүү кызмат адамдарынын ортосундагы макулдашуу боюнча);

3) аскерге чакыруу боюнча аскердик кызматын өтөп жаткан, корголуучу адамга коркунуч туудуруусу мүмкүн болгон аскер кызматчысын башка аскер бөлүгүнө, башка аскердик мекемеге жөнөтүү же которуу.

3. Корголуучу адам болуп эсептелген аскер кызматчысын жөнөтүү же которуу жазуу жүзүндө билдирилген анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Которуу учурунда аскер кызматчысы бирдей аскердик кызмат ордуна дайындалат. Ошол эле учурда аны негизги же бир профилдеги аскердик-эсептик адистиги боюнча пайдалануу камсыз кылынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-15)
