# 10-статья. Жашоо үчүн башка жакка көчүрүү, документтерди алмаштыруу, корголуучу адамдын сырт түспөлүн өзгөртүү

- Документ: [Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1961)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы № 170 "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961#diff=1220515..1220516>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1882/edition/1220513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1961/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, 10-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-10

---

1. Корголуучу адам убактылуу же туруктуу жашоо үчүн башка жакка көчүрүлүшү мүмкүн.

2. Корголуучу адам туруктуу жашоо үчүн башка жакка көчүрүлгөндө ага мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен турак жай берилет, көчүүсүнө байланышкан чыгымдар төлөнөт, материалдык жардам көрсөтүлөт, ишке орношуусу кепилдикке алынат жана мурдагысына ылайыктуу иштеген жерин (кызматын) же окуусун тандап алууга көмөк көрсөтүлөт.

3. Корголуучу адам убактылуу жашоо үчүн башка жакка көчүрүлгөндө анын мурда ээлеген турак жайы жана мурдагы же мурдагыга окшош иштеген жери (кызмат) же окууну тандап алууга кепилдиктер аталган себептер боюнча ал жок болгон бардык мезгилге сакталып калат.

4. Өзгөчө учурларда корголуучу адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документтери, башка документтери анын аты-жөнүн жана ал жөнүндө башка маалыматтарды өзгөртүү менен алмаштырылышы мүмкүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте корголуучу адамдын сырт түспөлү өзгөртүлүшү мүмкүн.

5. Корголуучу адамды жашоо үчүн башка жакка көчүрүү, документтерин алмаштыруу жана сырт түспөлүн өзгөртүү аталган адамга карата башка коопсуздук чараларын колдонуу жолу менен анын коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүн болбогон учурларда гана жасалат.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1961/st-11)
