# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 338
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-652/edition/362154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19604.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (27.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19604

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 27-декабры № 338 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына Ө.Т.Бабановдон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 321 "А.Ш.Атамбаев жөнүндө", №322 "Ө.Т.Бабанов жөнүндө", № 324 "И.К.Джунусов жөнүндө" жарлыктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-, 5-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 28-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулсун:

- Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынан - Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин;

- "Республика" саясий партиясынан - Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин;

- "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан - Джунусов Ибрагим Коджоназаровичтин.

2. Бул токтом жогоруда аталган саясий партияларга маалымдалсын.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
