# 3-статья. Кант диабеттүү адамдардын оорусун алдын алуу, дарылоо жана социалдык жактан коргоо жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1960)
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-августундагы №166 "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1960#diff=724076..724077>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1881/edition/724076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1960/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө, 3-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-3

---

Кант диабеттүү адамдардын оорусун алдын алуу, дарылоо жана социалдык жактан коргоо жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери төмөндөгүлөр:

- Кыргыз Республикасынын калкынын арасында, биринчи кезекте кант диабети боюнча тобокелчилик тобундагы адамдардын арасында адепки алдын алуунун артыкчылыктуулугу;

- соо-сергек жашоо ыңгайына ык салгандык;

- кант диабеттүү адамдардын оорусунун алдын алуу, дарылоо жана социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндөгү стандарттардын иштелип чыгышына, аткарылышына жана сакталышына мамлекеттик жана коомдук контроль;

- кант диабеттүү адамдарга карата мамиленин социалдык адилеттүүлүгү, теңчилиги, алардын оорусун алдын алуунун, дарылоонун жана калыбына келтирүүнүн жетимдүүлүгү;

- медицина-санитардык жана алдын алуу чараларын жүргүзүүнүн илимий негизделгендиги;

- кант диабеттүү адамдардын оорусун алдын алуу, дарылоо жана аларды социалдык жактан коргоо жагындагы мамлекеттик кепилдиктердин камсыз кылынышына мамлекеттик бийлик органдарынын, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-4)
