# 17-статья. Кант диабеттүү адамдардын регистри

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1960)
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-августундагы №166 "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1881/edition/724076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1960/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө, 17-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-17

---

Кант диабеттүү адамдардын регистри Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кант диабеттүү адамдар жөнүндө маалыматты автоматтык жол менен эсепке алууну жана каттоону камсыз кылуу, кант диабети менен ооруган, кант диабети туш кылган оорулар, майыптуулук жана өлүм-житим фактылары жөнүндө системалуу жана ишенимдүү маалымат алуу, дарылоо профилактикалык иш-чаралардын кайтарымдуулугу, кант диабеттүү адамдардын диабетке каршы препараттарга, инсулин куюучу жана өзүн-өзү контролдоочу каражаттарга, протезге, кыймыл каражаттарына, ортопедиялык бут кийимге жана батектерге болгон муктаждыгын аныктоо максатында түзүлөт. Кант диабеттүү адамдардын регистри төмөндөгүлөрдү камсыз кылат:

- кант диабети менен ооругандардын абалы жөнүндө учурдагы зарыл маалыматтар корун түзүү;

- кымбат баалуу диабетке каршы препараттарды, аларды куюучу, диагностика жана өзүн-өзү контролдоо каражаттарын сатып алууга ишенимдүү табыштамаларды түзүү.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-18)
