# 14-статья. Кант диабети боюнча маалымат-билим берүү иши

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1960)
- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 9-августундагы №166 "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1881/edition/724076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1960/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө, 14-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-14

---

Кант диабети боюнча маалымат-билим берүү иши төмөндөгүлөрдү карайт:

- кант диабетинин алдын алуу жана анын адепки диагностикасы боюнча маалымат материалдарды иштеп чыгууну жана массалык тираж менен чыгарууну;

- диетологиянын негиздери, ооруну өзү контролдоо жана кант диабети туш кылган илдеттердин алдын алуу негиздери боюнча кант диабетине чалдыккан адамдар үчүн методикалык окуу куралдарын басып чыгарууну;

- жалпыга маалымдоо каражаттарында кант диабетинин маселелерин чагылдырууну;

- саламаттык сактоо уюмдарынын медик кызматчыларын кант диабетинин адепки жана кийинки профилактика маселелери боюнча консультация берүү методу менен окутууну;

- калк үчүн кант диабетинин проблемалары боюнча атайын мезгилдүү басылмаларды чыгарууну;

- ишке саламаттык сактоонун айылдык комитеттерин, демилгелүү топторду, коомдук бирикмелерди тартуу менен биринчи деңгээлдеги саламаттык сактоо мекемелеринде саламаттыкты чыңдоонун кабинеттеринин иши аркылуу калктын маалымат жагынан сабаттуулугун жогорулатууну.

IV глава Кант диабеттүү адамдарга медицина-санитардык жардамды жана социалдык коргоону уюштуруу

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1960/st-15)
