1-статья
Күчүн жоготкон · 20.07.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 июля 2009 года № 241.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 101-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоо киргизилсин:
1. 1-статьяда:
экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "палаталарынын" деген сөз алып
салынсын;
төртүнчү бөлүгүндөгү "палаталардын ар биринин" деген сөздөр алып
салынсын.
2. 4-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Жогорку Кењештин палаталары"
деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен
алмаштырылсын, "жибере алышат" деген сөздөр "жибере алат" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
3. 6-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин палаталары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 7-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык соту"
деген сөздөр алып салынсын.
5. 9-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын регламент-
тери, алардын кошмо заседаниесинин регламенти" деген сөздөр "Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин регламенти" деген сөздөр менен алмаш-
тырылсын.
6. 10-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Жогорку Кењештин палаталары"
деген сөздөр "Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясы тарабынан анын карамагына киргизилген маселелер, ошондой эле
анын ички иштерин уюштуруу маселелери боюнча токтомдорду кабыл алат.".
8. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомство-
лор жана аткаруу бийлигинин башка борбордук органдары, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун, Кыргыз
Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн актыларынын негизинде жана аткаруу үчүн өздөрүнүн ыйгарым укукта-
рынын чегинде актыларды чыгарышат.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомство-
лор жана аткаруу бийлигинин башка борбордук органдары нормативдик укук-
тук актыларды буйрук түрүндө чыгарышат; башкаруунун коллегиялуу форма-
сындагы борбордук аткаруу бийлигинин органдарында нормативдик укуктук
актылар токтом түрүндө чыгарылат.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомство-
лор жана аткаруу бийлигинин башка борбордук органдары, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
тарабынан чыгарылган башка аталыштагы актылар (жоболор, нускамалар,
көрсөтмөлөр, эрежелер жана башкалар) буйруктар же токтомдор менен беки-
тилет.
Министрлик, мамлекеттик комитет, административдик ведомство жана
аткаруу бийлигинин башка борбордук органы, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан норматив-
дик укуктук актыларды чыгаруу учурунда жогору турган мыйзам чыгаруучу
органдын кайсы актысын (анын статьясын же пунктун) аткаруу үчүн ушул
актыны чыгарып жатканы көрсөтүлөт.".
9. 21-статьяда:
биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мый-
зам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйындары мыйзамдолбоор иштеринин
пландарын иштеп чыгышат жана бекитишет" деген сөздөр "Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењеши мыйзамдолбоор иштеринин пландарын иштеп чыгат
жана бекитет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндөгү "палаталарында" деген сөз "Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинде" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын.
10. 25-статьядагы "палаталарынын" деген сөз алып салынсын.
11. 28-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "палаталарынын" деген сөз алып
салынсын.
12. 33-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењешинин палаталарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 39-статьянын биринчи бөлүгү "басмаларда" деген сөздөн кийин
"жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Интернет-порталында" деген
сөздөр менен толукталсын.
14. 52-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын.
Берененин тексти 20.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1959/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>