# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 29-октябрындагы № 323 "2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктаган учурга карата шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген шайлоочулардын санын ылайык келтирүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 29-октябрындагы № 323 "2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктаган учурга карата шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген шайлоочулардын санын ылайык келтирүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 323
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19589>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-637/edition/362122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19589.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 29-октябрындагы № 323 "2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктаган учурга карата шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген шайлоочулардын санын ылайык келтирүү жөнүндө" токтому (29.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19589

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 29-октябры № 323 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктаган учурга карата шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген шайлоочулардын санын ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 28-октябрындагы № 321 токтому менен бекитилген участкалык, райондук, шаардык, облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун 1-саптарын ылайык келтирүүнүн жыйынтыктары боюнча, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 45-беренесин, 46-беренесинин 1, 2-пункттарын, 10-беренесинин 1-пунктунун 1, 3, 6, 28-пунктчаларын, 13-беренесин, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 2-пунктун, 1-пунктунун 1, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республика боюнча - 1406 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун 1-сабындагы (добуш берүү аяктаган учурга карата шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны) цифралар алмаштырылсын (тиркелет).

2. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун 1-сабындагы (добуш берүү аяктаган учурга карата шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны) цифра алмаштырылсын:

Баткен облусу боюнча "229180" саны "228914" деп; Талас облусу боюнча "121307" саны "120653" деп; Нарын облусу боюнча "155226" саны "154144" деп; Чүй облусу боюнча "470369" саны "468199" деп; Ош облусу боюнча "599162" саны "598091" деп; Ош шаары боюнча "116478" саны "118071" деп; Жалал-Абад облусу боюнча "495106" саны "495623" деп; Бишкек шаары боюнча "343780" саны "342207" деп; Ысык-Көл облусу боюнча "234841" саны "235621" деп.

3. "Шайлоо" МАС сектору тиркелген маалыматтардын негизинде "Шайлоо" автоматташтырылган маалыматтык системасына тийиштүү өзгөртүү киргизсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнө жана "Шайлоо" МАС секторуна жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
