# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 25-октябрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн айрым шайлоо участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксьп деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 25-октябрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн айрым шайлоо участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксьп деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 320
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-634/edition/362116/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 25-октябрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн айрым шайлоо участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксьп деп табуу жөнүндө" токтому (25.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19586

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 25-октябры № 320 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн айрым шайлоо участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксьп деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн шайлоо участкаларынан № 001 (Москва ш., КРнын РФдагы элчилиги), № 002 (Москва ш., БРКБ), № 004 (Санкт-Петербург ш.,) № 005 (Казань ш.,) келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 22-беренесинин 2, 5, 7, 8, 10-пункттарынын, 23-беренесинин 5-пункттунун, 40-беренесинин 3, 4-пункттарынын талаптарын бузууга жол берилген, бул шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгын аныктоодо ишенимдүүлүктү тастыктай албайт. Көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында шайлоочулардын сунушталган тизмеси номерлерген эмес, шнурланган эмес жана чет мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондой эле шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун көрсөткөндө шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизилген. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 6, 28, 30-пунктчаларын, 45-беренесинин 10-пунктунун а) пунктчасын, 46-беренесинин 5-пунктунун, 4-пунктунун а) пунктчасын. 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн № 001 (Москва ш., КРнын РФдагы элчилиги), № 002 (Москва ш., БРКБ), № 004 (Санкт-Петербург ш.,) № 005 (Казань ш.,) шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын

2.Бул токтом шайлоочулардын тизмесин түзүүгө жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине карата колдонуудагы мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу учүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Баялиновго жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
