# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-октябрындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Маркировкалоо тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-октябрындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Маркировкалоо тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 317
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-631/edition/362110/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-октябрындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Маркировкалоо тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (09.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19583

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-октябры № 317 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Маркировкалоо тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, таза жана ачык шайлоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо маркировкалоо Тартибине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

## 4-главада. Тестирлөө:

1) Биринчи абзацтын:

а) пунктунда - "таза ак кагаздын үстүнө" деген сөздөр "калемсаптын же карандаштын үстүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) пункту - алып салынсын;

в) пункту-төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"атайын жабдууну иштетүү жана атайын курам чачыратылган жерди жарыктандыруу".

2) Экинчи абзацтагы "Кагаздын" деген сөз " Калемсаптын же карандаштын" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Маркировкалоо тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн маалыматтары жөнүндө бардык участкалык шайлоо комиссияларына тез арада билдирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.М.Мамараимовго жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
