# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 6-октябрындагы № 302 "Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 6-октябрындагы № 302 "Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 302
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19569>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-617/edition/362082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19569.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 6-октябрындагы № 302 "Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19569

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 6-октябры № 302 Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 1-, 3-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2004-жылдын 15-июндагы № 15 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө жобонун 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн комиссиянын мүчөсү Джунусалиев Амантай курамдан чыгарылсын;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Эралиев Асанкул Абдыканович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
