Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Ош шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-октябры № 298 Ош шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Ош шаардык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар мүчөсү Туголбаева Айкан Сатыбалдиевнаны ден соолугунун абалынан улам комиссиянын жыйналыштарына системалуу түрдө катышпай жаткандыгына байланыштуу комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө 2010-жылдын 1-октябрындагы № 10 токтомун карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин 16-беренесинин 3-пунктун, 10-беренесинин 1-пунктунун 2-, 3-пунктчаларын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан сунушталган мүчөсү Туголбаева Айкан Сатыбалдиевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Акшумкар" саясый партиясынан көрсөтүлгөн Маматжанова Феруза Керимовна киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.