# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №162 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №162 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1955>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1876/edition/285208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1955.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №162 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы (08.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1955

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 8-августу № 162

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча

камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор

киргизүү тууралу

2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1955/st-1)

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу

төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.)

төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

2-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:

"г) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтери-

нин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкер-

леринин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн Пенсиялык

фондго - 19 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-

рлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери үчүн камсыздандыруу

төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте

жүзөгө ашырылат.";

2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:

"в) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтери-

нин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкер-

лери Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкы

иштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлеринин камсыз-

дандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тар-

типте жүзөгө ашырылат.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1955/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1955/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөту өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
