Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары
2006-жылдын 8-августу № 162
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча
камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор
киргизүү тууралу
2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу
төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.)
төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
2-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:
"г) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтери-
нин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкер-
леринин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн Пенсиялык
фондго - 19 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-
рлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери үчүн камсыздандыруу
төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте
жүзөгө ашырылат.";
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтери-
нин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкер-
лери Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкы
иштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлеринин камсыз-
дандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тар-
типте жүзөгө ашырылат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөту өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Постановление Правления Соцфонда КР от 4 сентября 2006 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Инструкцию "О порядке регистрации плательщиков, уплаты и учета страховых…Постановление · 04.09.2006 · № 93 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8