# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 282 "Акшумкар" саясий партиясынын катталган талапкерлерин чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 282 "Акшумкар" саясий партиясынын катталган талапкерлерин чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19549>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-597/edition/362042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19549.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 282 "Акшумкар" саясий партиясынын катталган талапкерлерин чыгаруу жөнүндө" токтому (27.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19549

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 27-сентябры № 282 "Акшумкар" саясий партиясынын катталган талапкерлерин чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 5-сентябрындагы № 200 токтому менен "Акшумкар" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси катталган. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Акшумкар" саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер Таширов Юсупту, Молдокматов Жеңишбек Өмүргазиевичти, Кочоров Калдыбек Исмаиловичти чыгаруу жөнүндө 2010-жылдын 25-сентябрындагы № 20 протоколу келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАТ

1."Акшумкар" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын:

-Таширов Юсуп; -Молдокматов Жеңишбек Өмүргазиевич; -Кочоров Калдыбек Исмаилович.

2.Катталган талапкерлердин күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын:

-"Акшумкар" саясий партиясынан 2010-жылдын 5-сентябрындагы №№ 33, 52, 105.

3.Бул токтом "Акшумкар" саясий партиясына билдирилсин.

4.Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

Төрага

А.Сариев
