# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-сентябрындагы № 274 "2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-сентябрындагы № 274 "2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 274
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-589/edition/362026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-сентябрындагы № 274 "2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому (21.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19541

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 21-сентябры № 274 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдөн аккредитациялансын:

- Астана шаарындагы Бразилия Федеративдүү Республикасынын Элчилигинен (№ 1 тиркеме - 2 адам);

- Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынан (№ 2 тиркеме - 1 адам);

- ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№ 3 тиркеме - 3 адам);

- "Еlесtions&Dеmocrасy" ("Шайлоо жана демократия") Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык ассоциациясынан (№ 4 тиркеме - 25 адам).

2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом ЖМКда жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
