# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №163 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №163 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1954>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1875/edition/285207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1954.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №163 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы (08.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1954

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 8-августу № 163

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик

жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу

2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1954/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй толук-

тоолор киргизилсин:

1. 14-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын:

"Жекече күзөт ишканасынын укуктук статусуна ээ болгон юридикалык

жактар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар болуп саналы-

шат.".

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 14-2-статья менен толукталсын:

"14-2-статья. Жекече күзөтчү

Жекече күзөтчү күзөт уюму менен эмгек келишими боюнча иштейт жана

анын эмгектик иши эмгек мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салы-

нат. Жекече күзөтчү эмгек иш-милдетин аткарат жана күзөт ишканасы тара-

бынан берилген жекече күзөтчүнүн күбөлүгү болсо, ушул Мыйзамда каралган

укуктардан пайдаланат.

Жекече күзөтчүнүн укуктук статусун алууга төмөндөгү адамдар талап-

кер болууга укуксуз:

1) 21 жашка чыга электер;

2) сот чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү

чектелгендер деп табылгандар;

3) жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган оо-

руга чалдыккандар;

4) билип туруп кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу барлар;

5) кылмыш жасагандыгы жагынан айып коюлгандар (мыйзамда белгилен-

ген тартипте алардын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселе чечилгенге че-

йин).

Жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган ооруга

чалдыккандарды тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиле-

нет.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1954/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
