# 4-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1952)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №165 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 20 февраля 2023 года № 35 "О Почетной грамоте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112507)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2009 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Почетной грамоте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203115)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.02.2009 [Закон КР от 25 февраля 2009 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Почетной грамоте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203115); 04.05.2007 [Закон КР от 4 мая 2007 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Почетной грамоте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202099)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1952#diff=1230028..1230029>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1952/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1873/edition/1230026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1952/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө, 4-статья (20.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1952/st-4

---

Ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн демилгечи, Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн жана эмгек ишмердүүлүгү жана сиңирген эмгектери жөнүндө маалыматтар камтылган Ардак грамота менен сыйлоо сунуштамасын Жогорку Кеңешине киргизет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети, Жогорку Кеңештин депутаттык фракциясы Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштаманы киргизүү үчүн тиешелүү чечим кабыл алышат. Мамлекеттик органдардын жетекчилерин Ардак грамота менен сыйлоо сунуштамасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашылгандан кийин киргизилет. Чет өлкө жарандарын жана эл аралык уюмдарды сыйлоого көрсөтүү эл аралык маселелер боюнча профилдик комитет менен макулдашуу боюнча жалпы негиздерде киргизилет. Эскертүү: Сунуштама документтердин төмөндөгүдөй тизмегин милдеттүү түрдө тиркөө менен демилгечилер тарабынан киргизилет:

- жарандардын жана уюмдардын расмий өтүнүчү жана протоколдору;

- сыйлануучу адамга берилген мүнөздөмө, эмгек жолу жөнүндө маалымкат, мурдагы сыйлыктары жөнүндө маалымат, ишмердиги (эмгек жолунан башка) жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат.

Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө расмий өтүнүчтөр алардын тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан демилге катары көтөрүлсө болот. (КР 2007-жылдын 4-майындагы № 66, 2008-жылдын 18-июлундагы № 150, 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1952/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1952/st-5)
