# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 15-сентябры № 253 "Шайлоочулардын тизмелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 15-сентябры № 253 "Шайлоочулардын тизмелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-567/edition/361982/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 15-сентябры № 253 "Шайлоочулардын тизмелери жөнүндө" токтому (15.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 15-сентябры № 253 Шайлоочулардын тизмелери жөнүндө Шайлоочулардын тизмелеринин сапатын жакшыртуу жана жарандардын шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу мүнкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 23-беренесин, 15-беренесинин 1-, 2-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы №93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускасынын санын бекитүү жөнүндө" токтомун аткарууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 Участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: -шайлоочулардын тизмелеринин үчүнчү нускасын участкалык шайлоо комиссияларынын атайын даярдалган такталарына 2010-жылдын 20-сентябрынан кечиктирбестен илүүнү; -шайлоочуларга билдирүүлөрдү 2010-жылдын 25-сентябрына чейин таркатууну.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө облустук, Бишкек, Ош шаардык, райондук, шаардык шайлоо комиссияларына жүктөлсүн.

Төраганыы милдетин аткаруучу

Ж.Акматов
