# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускаларынын санын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускаларынын санын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-557/edition/361962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускаларынын санын бекитүү жөнүндө" токтому (12.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19509

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 242 Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускаларынын санын бекитүү жөнүндө Коомчулуктун көптөгөн кайрылууларына жана шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга жана аларды түзүүнүн тууралыгын текшерүүгө байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 1- жана 2-пунктчаларына, 13-пунктунун 8-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 4-пунктчаларына, 1-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы №93 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 "Шайлоо" МАСнын системалык администраторлору Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын 2010-жылдын 10-октябрында шайлоодо шайлоочулардын негизги тизмесин ар бир шайлоо участкасы боюнча үч нускада басып чыгарсын.

2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Шайлоо жөнүндө кодекстин 22-беренесинин 10-пунктуна ылайык, ар бир шайлоо участкасы боюнча номерленген, боолонгон жана колтамга жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын негизги тизмелеринин бирден нускасын тийиштүү райондук (шаардык) жана эки нускадан ар бир участкалык шайлоо комиссиясына беришсин.

Төрага

А.Сариев
