# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 238 "Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 238 "Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 238
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-553/edition/361954/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 238 "Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому (12.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19505

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 238 "Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы №195 токтому менен «Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган. 2010-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук комиссиясына "Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган Сабитов Эрмек Абдрахманович, Осмоналиев Кубанычбек Сасыкулович, Ситников Георгий Евгеньевич, Усубалиева Гүлзат Теңизбековна, Бекмуратов Баймурат Асатович Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аларды «Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен" саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыздары келип түшкөн. «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Сабитов Эрмек Абдрахманович, Осмоналиев Кубанычбек Сасыкулович, Ситников Георгий Евгеньевич, Усубалиева Гүлзат .Теңизбековна, Бекмуратов Баймурат Асатович чыгарылсын.

2. 2010-жылдын 2-сентябрында "Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен" саясий партиясынан катталган талапкердин №51,68,90,105,109 күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Биримдик.Азаттык.Калыстык.Мекен" саясий партиясына маалымдалсын

Төрага

А.Сариев
