# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 237 "Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 237 "Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19504>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-552/edition/361950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19504.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 237 "Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому (12.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19504

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 237 "Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 5-сентябрындагы №201 токтому менен « Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган. 2010-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына катталган Жумаев Медетбектен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого андан ары катышуудан баш гарткандыгы жана аны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арызы, ошондой эле "Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясынан аны чыгаруу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн. «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Жумаев Медетбек чыгарылсын.

2. 2010-жылдын 5-сентябрында "Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясынан катталган талапкердин №14 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Кыргызстан Элдеринин Союзу" саясий партиясына маалымдалсын.

Төрага

А.Сариев
