# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 235 "Айкөл Эл" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 235 "Айкөл Эл" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-550/edition/361942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 235 "Айкөл Эл" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому (12.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19502

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 235 "Айкөл Эл" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы №214 токтому менен "Айкөл Эл" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган. 2010-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Айкөл Эл" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына айрым талапкерлерди чыгаруу жөнүндө "Айкөл Эл" саясий партиясынын Саясий кеңешинен 2010-жылдын 8- сентябрындагы №3 токтому келип түшкөн. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинпи 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айкөл Эл" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Жанибеков Бахтиержон, Жеңишбекова Гүлмира, Моминов Шавкат Турсунович, Сулайманов Жеңишбек Сүйүнбаевич чыгарылсын.

2. 2010-жылдын 7-сентябрында "Айкөл Эл" саясий партиясынан катталган талапкерлердин №№65,77,89,120 күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Айкөл Эл" саясий партиясына маалымдалсын

Төрага

А.Сариев
