# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 234 "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 234 "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-549/edition/361940/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 234 "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө" токтому (12.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19501

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 234 "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы №213 токтому менен "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган. 2010-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган Сүйүнтбеков Айбек Өзүбекович, Асанбеков Өмүрбек Ишенбаевич, Иманалиева Бермет Муратбековна, Долоталиева Дамира Темирбековна, Усупбаева Чинара Дүйшөнбековнанын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аларды талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыздары, ошондой эле аларды чыгаруу жөнүндө "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын саясий кеңешинен арыздар келип түшкөн. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1."Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Сүйүнтбеков Айбек Өзүбекович, Асанбеков Өмүрбек Ишенбаевич, Иманалиева Бермет Муратбековна, Долоталиева Дамира Темирбековна, Усупбаева Чинара Дүйшөнбековна чыгарылсын.

2 2010-жылдын 7-сентябрында "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан катталган талапкерлердин №№16,31,65,91,119 күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын 3 Бул токтом «Мекен Ынтымагы» саясий партиясына маалымдалсын

Төрага

А.Сариев
