# 9-статья. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1950)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №154 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 января 2017 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950#diff=1261186..1261187>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1871/edition/1261186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1950/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө, 9-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-9

---

Ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорология ишиндеги ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

а) калкты гидрометеорологиялык табигый көрүнүштөрдөн коргоо, алар тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон залалдын алдын алуу же төмөндөтүү үчүн жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн мониторингин жүзөгө ашыруу;

б) калктын, экономиканын жана аткаруу бийлик органдарынын гидрометеорология маалыматына жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө маалыматка болгон керектөөлөрүн канааттандыруу;

в) өнөр жай-чарбачылык объекттерин долбоорлоону, курууну жана пайдаланууну, улуттук экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгууну гидрометеорологиялык негиздөө үчүн керектүү гидрометеорология маалыматтарынын Мамлекеттик фондун түзүү жана башкаруу;

г) байкоо жүргүзүү тармагын гидрометеорология маалыматын алууну, чогултууну, иштеп чыгууну жана таратууну камсыз кылуучу приборлор жана жабдуулар менен жабдуу;

д) Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүп жаткан метеорология, агрометеорология жана гидрология шарттары жөнүндө, ошондой эле жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө маалыматтарга дайыма талдоо жүргүзүү жана жалпылоо, режимдик жана маалымат материалдарын даярдоону жана басып чыгарууну камсыз кылуу;

е) гидрометеорология жагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

ж) жер үстүндөгү суу ресурстарын (сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча) жана аларды бирдиктүү тутум боюнча пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүзөгө ашыруу, суу кадастрын киргизүү;

з) мөңгүлөрдүн, кар көчкүлөрүнүн мамлекеттик мониторингин жүргүзүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашыруу, алардын кадастрларын жүргүзүү;

и) метеорология жана стандартташтыруу эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу, өлчөө каражаттарына ички метрологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

й) тапшырыкчылардын табыштамалары боюнча келишимдик негизде адистештирилген маалыматтарды берүү;

к) гидрометеорологиялык байкоо жүргүзүүнүн бүткүл дүйнөлүк тутумунун алкагында эл аралык маалымат алмашууга катышуу;

л) улуттук гидрометеорология тутумун калыптандыруу, иштешин жана өнүгүүсүн камсыз кылуу жана мамлекеттик гидрометеорология кызматынын тутумуна кирбеген, бирок жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырган гидрометеорология ишинин катышуучуларынын ишин координациялоо, маалымат продукциясын түзүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү;

м) гидрометеорология маалыматын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы, анын булганышы жөнүндө маалыматты түзүү жана аларды чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун, сактоонун жана пайдалануунун бирдиктүү, өз ара байланышкан мамлекеттик чакан тутумунун иштешин камсыз кылуу;

н) эл аралык, улуттук, региондук жана жергиликтүү деңгээлдердеги гидрометеорология иштеринин тизмегин аныктоо, алардын аткарылышын камсыз кылуу жана расмий болжолдорду, башка гидрометеорология продукцияларын, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалын жана анын булганышын баалоо боюнча маалыматтарды берүү;

о) байкоо жүргүзүүнүн, эсептөөлөрдүн, болжолдоолордун методдорунун, маалыматтардын жана продукциянын, гидрометеорология иштеринин аткарылышын контролдоо каражаттарынын биримдигин жана салыштырылышын камсыз кылуу.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык) IV глава Гидрометеорология ишин каржылоо

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-10)
