# 6-статья. Гидрометеорология жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1950)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №154 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 января 2017 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950#diff=1261186..1261187>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1871/edition/1261186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1950/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө, 6-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-6

---

Гидрометеорология жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

а) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоо жүргүзүүнүн комплекстүүлүгү, глобалдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

б) эгерде мындай гидрометеорология чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралса, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде байкоо жүргүзүү, маалымат чогултуу, талдоо, жалпылоо, сактоо жана таратуу процесстеринин технологиялык биримдиги;

в) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн мониторингин мамлекеттик ички жана эл аралык гидрометеорология тутуму менен интеграциялоо;

г) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн иш жүзүндөгү жана күтүлүүчү абалы жөнүндөгү маалыматты максималдуу натыйжалуу пайдаланууга жетишүү;

д) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү маалыматтын аныктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык) II глава Гидрометеорологиялык кызматтын ишинин укуктук негиздери

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-51)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-7)
