# 51-статья. Улуттук гидрометеорология тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1950)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №154 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 января 2017 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950#diff=1261186..1261187>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1871/edition/1261186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1950/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө, 51-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-51

---

Улуттук гидрометеорология тутумуна төмөндөгүлөр кирет:

а) Мамлекеттик гидрометеорология кызматы - гидрометеорология жагындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;

б) Кыргыз Республикасынын ведомстволук гидрометеорология уюмдары, кызматтары жана башка мамлекеттик органдарынын бөлүмчөлөрү;

в) маалымат продукцияларын түзүүчү жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына ар түрдүү байкоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар.

Мамлекеттик гидрометеорология кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде гидрометеорология ишинин кандай болбосун түрүн жүзөгө ашырууга укуктуу. Ведомстволук гидрометеорология уюмдары жана кызматтары, юридикалык жана жеке жактар гидрометеорология ишин мамлекеттик гидрометеорология кызматы менен эриш-аркак гидрометеорология ишин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген маалымат продукциясын түзүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрине ылайык жүзөгө ашырышат. (КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16, 2023-жылдын 23-мартындагы № 67Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-5)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-6)
