# 14-статья. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү маалыматтын укуктук режими

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1950)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №154 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112550)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112550); 30.01.2017 [Закон КР от 30 января 2017 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950#diff=1261188..1261189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1871/edition/1261186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1950/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө, 14-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-14

---

Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы, анын булганышы жөнүндөгү маалымат жана маалымат продукциясы керектөөчүлөргө (пайдалануучуларга) ушул Мыйзамга ылайык келишимдердин негизинде берилет.

1. Бериле турган маалыматтардын түрлөрү:

- шашылыш (аба ырайынын бузулушу) маалымат;

- мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылуучу жаратылыш айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан же божомолдоно турган маалымат;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын иштешин камсыз кылуу үчүн даярдалган маалыматтар жана маалымат продукциялары;

- атайын адистештирилген маалыматтар.

2. Көпчүлүк пайдалануучу маалымат керектөөчүлөргө (пайдалануучуларга) почта, жалпыга маалымдоо каражаттары, телеграф, электрондук байланыш түйүндөрү аркылуу суроо-талап боюнча үзбөй кабар берип туруу режиминде текст жана таблица - графика түрүндө жеткирилет.

21. Ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарландыруу тутумун киргизет.

Аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарлоо тутумун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. (КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Шашылыш маалымат (аба ырайынын бузулушу) жана жалпыга багытталган маалымат бир сутка мурда эртелеп бекер берилет. Шашылыш маалыматтын (аба ырайынын бузулушу), жалпыга багытталган маалыматтын, жеткиликтүүлүгү чектелген категорияга киргизилген маалыматтын курамы, ошондой эле атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан гидрометеорология маалыматын мындай маалыматты керектөөчүлөгө берүү тартиби гидрометеорология боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Адистештирилген гидрометеорология маалыматы атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан гидрометеорология иши жагындагы кызмат көрсөтүүлөргө келишимдин негизинде акы төлөтүү менен берилет.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16, 2023-жылдын 23-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык) VI глава Ушул мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-15)
