14-статья. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү маалыматтын укуктук режими
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 67
Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы, анын булганышы жөнүндөгү маалымат жана маалымат продукциясы керектөөчүлөргө (пайдалануучуларга) ушул Мыйзамга ылайык келишимдердин негизинде берилет.
1. Бериле турган маалыматтардын түрлөрү:
- шашылыш (аба ырайынын бузулушу) маалымат;
- мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылуучу жаратылыш айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан же божомолдоно турган маалымат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын иштешин камсыз кылуу үчүн даярдалган маалыматтар жана маалымат продукциялары;
- атайын адистештирилген маалыматтар.
2. Көпчүлүк пайдалануучу маалымат керектөөчүлөргө (пайдалануучуларга) почта, жалпыга маалымдоо каражаттары, телеграф, электрондук байланыш түйүндөрү аркылуу суроо-талап боюнча үзбөй кабар берип туруу режиминде текст жана таблица - графика түрүндө жеткирилет.
21. Ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарландыруу тутумун киргизет.
Аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарлоо тутумун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. (КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Шашылыш маалымат (аба ырайынын бузулушу) жана жалпыга багытталган маалымат бир сутка мурда эртелеп бекер берилет. Шашылыш маалыматтын (аба ырайынын бузулушу), жалпыга багытталган маалыматтын, жеткиликтүүлүгү чектелген категорияга киргизилген маалыматтын курамы, ошондой эле атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан гидрометеорология маалыматын мындай маалыматты керектөөчүлөгө берүү тартиби гидрометеорология боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Адистештирилген гидрометеорология маалыматы атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан гидрометеорология иши жагындагы кызмат көрсөтүүлөргө келишимдин негизинде акы төлөтүү менен берилет.
(КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16, 2023-жылдын 23-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык) VI глава Ушул мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 января 2017 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
23.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эрте кабарлоо тутумун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. (КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16 Мыйзамына … ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Адистештирилген гидрометеорология маалыматы … акы төлөтүү менен берилет.
(КР 2017-жылдын 30-январындагы № алынып салынды: 16 кошулду: 16, 2023-жылдын 23-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VI глава
Ушул мыйзамды бузгандык үчүн…
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1950/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>