# 13-статья. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө маалыматтарды түзүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1950)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №154 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112550)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112550); 30.01.2017 [Закон КР от 30 января 2017 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950#diff=1261188..1261189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1871/edition/1261186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1950/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө, 13-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-13

---

1. Жалпыга багытталган гидрометеорологиялык болжолдоолор массалык маалымат каражаттары аркылуу таратылат.

2. Шашылыш гидрометеорология маалыматы (аба ырайынын бузулушу тууралуу эскертүү) гидрометеорология ишинин катышуучуларына токтоосуз жеткирилет.

3. Маалымат түзүүчүлөр алардын уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчиктин түрүнө карабастан айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларын жана маалымат продукцияларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү.

4. Юридикалык жана жеке жактар жаратылыш айлана-чөйрөсүнө терс таасирин тийгизген, тийгизип жаткан же тийгизиши мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте токтоосуз берүүгө милдеттүү.

5. Маалымат продукциясын түзүүчүлөр байкоолорду жүргүзүүдө, гидрометеорология маалыматтарын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө маалыматтарды чогултууда, жалпылоодо, талдоодо, сактоодо жана пайдаланууда, жалпыга багытталган маалымат продукциясын түзүүдө методикаларды, колдонуудагы мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттарды, ченемдерди сактоого милдеттүү.

6. Гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүү үчүн колдонулуучу өлчөө каражаттары өлчөнүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык метрологиялык контролго алынууга тийиш.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16, 2023-жылдын 23-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-14)
